
Президент
Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясында ири тазалоо иштери уланууда. Бул тууралуу 6-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, дарыянын нугунан жалпысынан 316 миң 985 куб метр таштанды чыгарылды.
Тазалоо иштерине зарыл болгон бардык күч-каражаттар жана атайын техникалар толук көлөмдө бөлүнгөн.