
Бишкекте алдамчылыкка шектелип 25 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал жабырлануучуга унааларын сатууга жардам берүүнү убадалап, анын жалпы баасы 58 доллар турган KIA K8, KIA Carnival, KIA Sorento үлгүсүндөгү унаалрына ээлик кылып алган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.