Биз социалдык тармакта

Жаздын символу болгон жоогазындар Бишкекте гүлдөдү (сүрөт)

Учурда Бишкек шаарынын көчөлөрүнө отургузулган жоогазындар гүлдөп, шаар тургундарын жана конокторун кубандырып жаткан кези.
Калаа бийлиги билдиргендей, быйыл түркүн түстөгү жоогазындарды Эмен паркында, филармониянын имаратынын жанында, театралдык жана дене тарбия скверлеринде, ошондой эле Жеңиш, Ататүрк парктарында, Карагач токоюнда көрүүгө болот.

Жоогазын гүлү – жаз мезгилинин эң кооз жана назик гүлдөрүнүн бири. Ал көбүнчө март–апрель айларында гүлдөп, жаратылыштын ойгонушун символдоштурат. Жоогазындын жапайы түрү Борбор Азия аймагында, анын ичинде Кыргызстандын тоолорунда да кездешет. Көпчүлүк бул гүлдү Голландия менен байланыштырат, бирок анын түпкү мекени дал ушул Орто Азия болуп эсептелинери маалымат булактарында жазылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан