Биз социалдык тармакта

Нарын дарыясына дагы бир бала түшүп кетти

Кечээ, 5-апрелде Аксы районунун Кум айылында 7 жаштагы бала Нарын дарыясына түшүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгы кабарлады.
Маалымдалгандай, ал күнү 5 куткаруучу жана жергиликтүү тургундар издөө иштерин жүргүзүшкөн. Бүгүн 16 куткаруучу, 1 дрон жана 3 кайык менен издөөгө чыгышкан. Ошондой эле милиция кызматкарлери менен жергиликтүү тургундар издөө иштерине кошулушкан.
Башкармалык "Үч-Коргон" ГЭСи менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, Нарын дарыясындагы суунун көлөмүн азайтуу боюнча макулдашууга жетишилгенин кошумчалады. Бул издөө иштерин жеңилдетмекчи.
Айта кетсек, кечээ, Нарын шаарында да 5 жашар бала дарыяга түшүп кеткен.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан