Биз социалдык тармакта

Иран менен Оман Ормуз кысыгы тууралуу сүйлөшүштү

Иран менен Оман Ормуз кысыгынан коопсуз өтүү эрежелерин иштеп чыгууну талкуулашты. Бул тууралуу Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Эсмаил Багаи билдиргенин жергиликтүү басылмалар жазышты.

"Оман менен Ормуз кысыгына чыгуу мүмкүнчүлүгү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо чечими кабыл алынды. Анын максаты - Ормуз кысыгы аркылуу коопсуз өтүүнүн протоколун жана эрежелерин талкуулоо болгон. Сүйлөшүүлөр тышкы иштер министринин орун басарларынын деңгээлинде өттү. Жыйынтыктарга жетишебиз деп ойлойм",- деген ал маалымат жыйында.

Белгилей кетсек, 28-февралда АКШ менен Израил Иранга сокку ургандан кийин, Иран ага жооп кылып, стратегиялык маанилүү деңиз жолун жаап салган. Кийинчерээк Иран беш өлкөгө деңиз жолун ачканын жарыялаган.

Ормуз кысыгы дүйнөлүк мунай жана газ ташууда маанилүү роль ойнойт.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан