Бүгүн, 6-апрелде Ош шаарында Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык музыкалык драма театрында дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарага шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, мэрдин орун басары Масуда Айдарбекова, спорт өкүлдөрү, машыктыруучулар жана спортчулар катышты.
Сыйлоо аземинде 31 спортчу жана 16 машыктыруучу акчалай сыйлык жана дипломдор менен сыйланды. Ошондой эле мыкты спорт мектептери жана тармактын кызматкерлери Ардак грамоталарга ээ болушту.
Майрамдык иш-чара спортчулардын көрсөтмө чыгармалары жана концерттик программа менен коштолду.