Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Барскоон – Бедел унаа жолун куруу боюнча мамлекеттик мекеме түзүлдү. Бул тууралуу министрликтен кабарлады.
Маалымдалгандай, жаңы түзүлгөн мекеме Барскоон – Бедел жолун куруу долбоорун ишке ашырууну уюштуруучу жана координациялоочу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп саналат. Мекеменин башкы директору кызмат ордуна Акылбек Мусабаев дайындалган.
Белгилей кетсек, Курулуш иштери 2025-жылдын август айында
башталган. Барскоон – Бедел унаа жолунун жалпы узундугу болжол менен 150 чакырымды түзөт. Ал Ысык-Көл облусунун Барскоон айылын Кытай менен чектешкен "Бедел" көзөмөл өткөрмө пункту менен байланыштырган стратегиялык маанилүү коридор болуп калат. Долбоордун алкагында 2 тоннель, 30дан ашык көпүрө жана коргоочу инженердик курулмалардын курулушу каралган.