Биз социалдык тармакта

Баткенде чек арачы кырсыктап, жаракат алды

Баткенде 21 жаштагы чек арачы кырсыктап, оор жаракат алды. Маалыматты Чек ара кызматынан тастыктады.

Маалым болгондой, кырсык 2 күн мурун, тагыраагы, 4-апрелде Лейлек чек ара отрядынын бир топ аскер кызматкерлери "Ак-Суу" чек ара заставасынан "Кайрагач" заставасына УАЗ пикап унаасы менен бара жатышканда болгон. Унаа катуу силкингенде жаш жоокер кузовдон ыргып кеткен. Ал ошол жерде эсин жоготуп, "Тез жардам" кызматы менен Лейлек райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Ошол эле күнү Оштон атайын медициналык топ келип, шашылыш операция жасашкан.

"Жоокердин абалы учурда туруктуу, бирок оор деп бааланууда жана ага бардык зарыл медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Аны Бишкекке жеткирүүгө медициналык себептерден улам болбойт", - деп айтылат маалыматта.

Чек ара кызматы окуя боюнча кызматтык иликтөө башталганын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан