Биз социалдык тармакта

Индия чек арасын коргоодо жыландар менен крокодилдерди колдонууну пландап жатат 

Индия мамлекеттик чек араларын коргоонун жаңы ыкмасын карап жатат. Бул тууралуу Индиянын India Today басылмасына таянуу менен чет элдик маалымат каражаттар жазышты.

Ага ылайык, эми айрым аймактарда жылан жана крокодилдер чек араны коргоо үчүн колдонулат. Аталган жаныбарлар Бангладеш менен чектешкен, тосмолорду орнотууга мүмкүн болбогон жерлерге жайгаштырылат.

Табигый тосмо дарыя аркылуу мыйзамсыз кирүүнү жана кылмыштуу аракеттерди алдын алуу максатын көздөйт. Адистер мындай ыкманын натыйжалуулугу, коопсуздугу жана экологиялык таасири боюнча кеңири талдоо жүргүзүү зарыл экенин белгилешкен.

Учурда бул сунуш изилдөө баскычында гана турат жана акыркы чечим кабыл алына элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан