Эльвира Сурабалдиева Франциянын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Николя Фай менен жолугуп, эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинин төрайымы Франция жана жалпы Европа өлкөлөрү менен өнөктөштүктү бекемдөө Кыргызстандын тышкы саясатындагы маанилүү багыт экенин белгиледи. Анын айтымында, парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө чоң өбөлгө түзөт.
Жолугушууда соода-экономикалык кызматташтыкка өзгөчө көңүл бурулуп, энергетика, медицина, айыл чарба, транспорт, туризм жана критикалык минералдарды иштетүү тармактарында мүмкүнчүлүктөр бар экени айтылды. Кыргыз тарап Франциядан инвестиция жана жаңы технологияларды тартууга кызыкдар экенин билдирди.
Мындан тышкары, маданий-гуманитардык байланыштар да талкууланып, Кыргызстанда француз тилин жана маданиятын жайылтуу максатындагы «Франкофония жазы» иш-чарасын өткөрүү демилгеси колдоо тапты.
Өз кезегинде Франциянын элчиси кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүүгө даяр экенин белгилеп, айрыкча туризм, саламаттык сактоо жана транспорт тармактарындагы өз ара аракеттенүүгө токтолду. Ошондой эле билим берүү жаатында француз тилин окутууну өнүктүрүү жана биргелешкен программаларды ишке ашыруу маанилүү экенин кошумчалады.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыргыз-француз кызматташтыгын бардык багыттар боюнча тереңдетүүгө кызыкдар экенин билдиришти.