Кыргызстандык балбан Афтандил Таалайбек уулу Бишкек шаарында өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиондугунда мыкты жыйынтык көрсөтүп, финалга жолдомо алды. Бул тууралуу дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 63 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан спортчу мелдешти чейрек финалдан баштап, алгач Жапониянын өкүлүн жеңди. Андан соң жарым финалда Түркмөнстандын балбанына каршы ишенимдүү күрөш көрсөтүп, 10:0 эсебинде таза жеңишке жетишти.
Эми кыргызстандык балбан 7-апрелде алтын медаль үчүн килемге чыгат. Финалдагы атаандашы жакын арада аныкталат.