Бишкектик мушкер Ихтияр Нишонов Түркиянын Стамбул шаарында өткөн Ahmet Cömert аттуу эл аралык бокс турниринде жеңишке жетишти. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 70 килограми салмак ченинде күч сынашкан спортчу финалдык беттеште Австралиянын өкүлү Уильям Млачич менен беттешип, ишенимдүү жеңишке ээ болду.
Ихтияр турнирди 1/8 финалдан баштап, жогорку деңгээлдеги атаандаштарын биринин артынан бирин жеңди. Ал Азербайжан, Түркия жана Германиядан келген мушкерлерди утуп, финалга чейин жетти.