Биз социалдык тармакта

Бишкекте Широкая көчөсү жаңыланууда

Бишкек шаарында Широкая көчөсү боюнча оңдоо иштеринин кезектеги этабы жүрүп жатат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, көчөнүн Новосельская көчөсү менен Керамическая көчөсү ортосундагы тилкеси толук реконструкциядан өтүүдө.

Учурда "Бишкекасфальтсервис" ишканасынын адистери тарабынан бордюрларды орнотуу, тротуарларды куруу жана ирригациялык тармактарды монтаждоо иштери жүргүзүлүп жатат.

Бул долбоор борбор калаанын тургундары жана коноктору үчүн жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга, ошондой эле шаар ичиндеги инфраструктураны жакшыртууга багытталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан