Биз социалдык тармакта

Акжол Махмудов Азия чемпиондугунун финалына чыкты

Кыргызстандын атактуу балбаны Акжол Махмудов Бишкек шаарында өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиондугунун финалына чыкты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 77 килограмм салмак ченинде күч сынашкан спортчу мелдешти 1/8 финалдан баштап, жогорку деңгээлде күрөш көрсөттү. Ал Жапония, Казакстан жана Өзбекстандын балбандарын ишенимдүү жеңип, финалга жолдомо алды.

Алтын медаль үчүн финалдык беттеш 7-апрелде өтөт. Анда Махмудов Ирандын өкүлү Али Забихолла Оску менен беттешет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан