Биз социалдык тармакта

Ош шаары менен Санкт-Петербург шаары кызматташтыгын кеңейтет

Бүгүн Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова Санкт-Петербург шаарынын тышкы байланыштар боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Евгений Кассюра, Эл аралык эмгек миграциясына көмөктөшүү ассоциациясынын президенти Елена Дёмина, “Южный” миграция борборунун башкы директору Аким Черников жана Орусия Федерациясынын Ош шаарындагы башкы консулу Роман Свистин менен жолугушту. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда эки шаар ортосундагы соода-экономикалык, санариптик, билим берүү, саламаттык сактоо жана маданий тармактардагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Ошондой эле 2024-жылдын июнунда Санкт-Петербург шаарынын делегациясынын Ошко болгон сапарынын жыйынтыгы боюнча “Коопсуз шаар” чечимдерин киргизүү, санариптик сервистерди өнүктүрүү жана IT-кадрларды даярдоо боюнча долбоорлорду улантуу макулдашылды.

Тараптар эмгек миграциясы маселесинде кызматташтыкты күчөтүүгө, маалымат алмашууну жакшыртууга жана мыйзамсыз миграциянын алдын алуу боюнча биргелешкен чараларды көрүүгө кызыкдар экенин билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан