Биз социалдык тармакта

Бишкек шаарында эки айлык ишембилик башталды

Борбор калаанын мэриясында мэрдин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиевдин төрагалыгы алдында шаарды көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча эки айлык ишембиликти өткөрүүгө арналган жыйын болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эки айлык башталгандан бери бардык райондордо комплекстүү тазалоо жана дарактарды массалык түрдө отургузуу жүрүп жатат.

Райондордун башчылары жана мэриянын Муниципалдык инспекциясы көчөлөрдөгү тартипти жана тазалыкты сактоо үчүн үзгүлтүксүз рейддерди жүргүзөт.

Мындан тышкары имараттардын фасаддарын борбор калаанын дизайн-кодуна ылайык талапка келтирүү милдети коюлду жана мамлекеттик органдардын ишембиликтерге катышуусу көзөмөлгө алынат.

Жыйындын соңунда тургундар шаарды көрктөндүрүү ишине активдүү катышууга чакырылып, бардык иштерге көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасы берилди.

Бишкек мэриясы шаар тургундарын таза, жашыл жана көрктүү шаарды биргеликте түзүүгө үндөдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан