Бүгүн, 6-апрелде Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев “Кыргызстан элинин Ассамблеясы” ассоциациясынын Жаштар бирикмесинин жетекчиси Юнусджан Илахунов менен расмий жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун негизинде тараптар кызматташтык жана өз ара аракеттенүү жөнүндө Меморандумга кол коюшту. Бул документ мамлекеттик жаштар саясатын натыйжалуу ишке ашырууга багытталган узак мөөнөттүү өнөктөштүктүн негизин түзөт.
Меморандумдун алкагында төмөнкү багыттарда биргелешкен иштер жүргүзүлөт:
- этностор аралык ынтымакты жана жарандык биримдикти чыңдоо;
- жаштардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө шарт түзүү;
- жаштардын потенциалын жогорулатууга багытталган долбоорлорду ишке ашыруу;
- социалдык өнөктөштүк институттарын өнүктүрүү.
Тараптар белгилегендей, бул келишим коомдогу ынтымакты бекемдөөгө жана гармониялуу жарандык коомду калыптандырууга маанилүү салым кошот. Ошондой эле Кыргызстандын бардык этносторунун жаш жарандары үчүн өзүн-өзү ишке ашырууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.