
Кечээ, 6-апрель күнү Баткен шаарынын 8-Март көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде 65 жаштагы тургун өз короосундагы суу кудугуна түшүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, ӨКМге саат 16:44тө маалымат түшүп, кырсык болгон жерге издөө-куткаруу отрядынын куткаруучулары тартылган.
Куткаруучулардын ыкчам аракетинин натыйжасында саат 16:49да аталган жаран кудуктан чыгарылып, "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.