Биз социалдык тармакта

Кыргызстан менен Түркия медициналык кызматташууну кеңейтет

Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Мекин Мустафа Кемаль Окем менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар саламаттык сактоо тармагындагы кыргыз-түрк кызматташтыгынын негизги маселелерин талкуулашты.

Өзгөчө көңүл Кыргызстандын жарандарын Түркияда акысыз квоталардын негизинде дарылоого жөнөтүү программасын ишке ашырууга бурулду. Жыл сайын 150 квота каралары белгиленип, анын алкагында Кыргыз жарандары Түркиянын мамлекеттик клиникаларында жогорку квалификациялуу медициналык жардамды акысыз алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Ошондой эле Кыргыз тарап ата мекендик адистерди Түркиянын алдыңкы клиникаларында 3 айдан 6 айга чейинки мөөнөттө стажировкадан өткөрүү программаларын мындан ары кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди. Стажировкага жөнөтүлө турган адистердин тизмеси буга чейин түзүлүп, жакынкы аралыкта түрк тарапка жөнөтүлөрү белгиленди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар саламаттык сактоо тармагында кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга даяр экенин ырасташты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан