Бишкекте уурулукка шектелип 24 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал 1-мартта "Дордой Плаза-2" соода борборунда жарандын сумкасынан күрөң түстөгү клатчты уурдап алган. Клатчтын ичинде 17 миң сом болгон.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү мурда ушундай кылмыштары үчүн бир нече жолу соттолгон. Учурда тергөө иштери уланууда.