2014-жылы кыргызстандык спортчулар 10 эл аралык мелдешке катышат

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин 24-январда берген маалыматы боюнча, 2014-жылы кыргызстандык спортчулар 10 эл аралык мелдешке катышышат.

Маалыматка ылайык, агенттик тарабынан 15 республикалык мелдеш, 720 спорттук-массалык иш-чара, 60 улуттук спорт түрлөрү боюнча мелдештер жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин катышуусундагы 20 мелдеш уюшулат.

Эске салсак, 2013-жылы Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги 192 спорттук-массалык иш-чара уюштурган. Ошондой эле спортчулар 81 эл аралык мелдешке катышып, өлкөнүн эсебине жалпысынан 474 медаль алып келишкен. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
MMA_1
2014-01-24 18:09:04
Спортчуларыбызга куч-кубат берсин! Кыргыз желегин Дүйнөгө таанытып, жалаң гана 1-орун болушуңарга тилектешпиз!
0
sakibaev
2014-01-24 18:18:46
дагы дагы колдогулачы кыргыздарда спортсмендер коп себеби биз Манастын урпактарызго ийгилик силерге ура ура ура
0
abdi91
2014-01-25 12:17:21
алга кыргызстан бизде чындыгында еле спортчулар коп жакшы орундарды илип келгиле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан