Биз социалдык тармакта

Бишкекте коммуналдык төлөмдөр санарипке өткөрүлөт

Бишкек шаарында коммуналдык кызматтарга төлөө үчүн кагаз дүмүрчөктөр санариптик дүмүрчөккө өткөрүлөт. Бул тууралуу 7-апрелде мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, президенттин администрациясынын протоколдук тапшырмасын аткаруунун алкагында коммуналдык кызматтарды төлөө үчүн санариптик квитанцияларга өтүү маселелери боюнча жумушчу топтун жыйыны болуп өттү. Кеңешмени шаар мэринин орун басары Рамиз Алиев жетектеди.

Жыйынга шаардык коммуналдык кызматтардын жетекчилери, ошондой эле Энергетика министрлигинин, "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсынын, "Түндүк" ММнын, "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ААКсынын жана "Санариптик технологиялар борбору" муниципалдык ишканасынын өкүлдөрү катышты.

Кызматтардын маалымат базаларын интеграциялоо жана бириктирүү, бирдиктүү төлөм документин түзүү, биллинг системин өнүктүрүү жана толугу менен санариптик форматка өтүү маселелери талкууланды.

Жыйындын жыйынтыгында кагаз дүмүрчөктөрдөн баш тартуу жана коммуналдык кызматтарды төлөө үчүн санариптик дүмүрчөктөрдү киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынды.

Эске салсак, Бишкекте санариптештирүү жолундагы маанилүү кадам болуп саналган бирдиктүү дүмүрчөк иштеп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан