Курулуш министрлиги кабарлагандай, Ош шаарынын Курманжан датка көчөсүндөгү 16 кабаттуу турак жай комплексинин курулушу текшерилди.
Анын жүрүшүндө техникалык коопсуздук эрежелеринин сакталбагандыгы, коопсуздук чаралары жетиштүү деңгээлде камсыздалбагандыгы, ошондой эле кызматкерлер үчүн тийиштүү эмгек шарттары толук түзүлбөгөндүгү аныкталды.
Натыйжада, курулуш иштерин жүргүзүп жаткан “Ак-Кайың” ЖЧКсына карата тиешелүү административдик чаралар көрүлүп, 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.