Биз социалдык тармакта

Канат Эшатов күйүүчү майдын баасы боюнча түшүндүрмө берди (видео)

Күйүүчү майга болгон баанын көтөрүлүшү Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канат Эшатов “Биринчи радиого” маек бергенде билдирди.

"Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу дүйнө жүзүндө мунайга жана мунай продукттарына болгон баалар кескин түрдө жогорулап жатат. Дүйнөдөгү бренд маркасын алып келсек, баалар 2 эсеге (1,7-1,8) чейин жогорулады. Ал дүйнө жүзү боюнча болуп жаткан тенденция.

Кыргызстан өзүн мунайзаттар менен толук камсыз кыла албайбыз. Ошондуктан биз дүйнөлүк тенденциядан артта кала албайт экенбиз. Бүгүнкү күндө биздеги компаниялар Орусиядан мунайзаттарды сатып алып келишет. Ал жерде деле баалар 300 долларга чейин жогорулады. Андан дагы жогору болгон учурлар бар. Анткени дизель отуну боюнча бүгүнкү күндө баалар 1200 доллардан ашып кетти",- деп билдирди Эшатов.

Күйүүчү майга болгон баанын көтөрүлүшү Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан