Биз социалдык тармакта

Өлкөдө балык уулоого убактылуу тыюу салынды

Республика боюнча балыктардын урук чачуу мезгилинде спорттук жана ышкыбоздук балык уулоого убактылуу тыюу салынды.
Суу ресурстары, айыл чарба министрлигинин 7-апрелде берген маалыматына ылайык, Ысык-Көлдө:
  • Ысык-Көл чабагына – 2026-жылы 1-апрелден 15-майга чейин (электрондук балык уулоо билети убактылуу токтотулат);
  • Майда балыктарга – 2026-жылдын 1-майынан 1-июлуна чейин;
  • Каңылтыр балыгына – 2026-жылдын 15-майынан 15-июлуна чейин.
Ал эми республиканын суу объекттеринде:
  • Ири бөлүкчө балыктарга – 2026-жылдын 5-майынан 20-июнуна чейин;
  • Майда бөлүкчө балыктарга – 2026-жылы 15-апрелден 5-июнга чейин;
  • Дарыя маринкасына – 2026-жылы 15-майдан 1-июлга чейин.
Ошондой эле дарыялардагы баалуу балыктарга:
  • Османга – 2026-жылдын 1-июнунан 15-июлуна чейин;
  • Амударыя форелине – 2026-жылдын 15-октябрынан 15-декабрына чейин;
  • Ысык-Көл форелине – 2026-жылы 1-октябрдан 15-декабрга чейин тыюу салынды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан