Биз социалдык тармакта

Султан Садыралиевдин аншлаг менен өткөн концертинин алгачкы күнү (репортаж)

Кечээ, 6-апрелде борбор калаабыздагы Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда эстрада ырчысы Султан Садыралиевдин "Жүрөктөн чыккан ырлар" аттуу жеке концерти өттү. Концерттин алгачкы күнү аншлаг менен коштолуп, ырчы мырзанын күйөрмандары жандуу аткаруудагы ырларды уга алышты.

Эки күнгө пландалган бул чыгармачылык кечеде ырчы өзүнүн эл сүйгөн хиттерин жана жаңы чыгармаларын аткарып, көрүүчүлөргө өзгөчө маанай тартуулады. Залда бош орун калбай, күйөрмандардын дүркүрөгөн кол чабуулары концерттин көркүн ачты.

Толук атмосфераны сезгиңиз келсе – биздин репортажды сөзсүз көрүңүз! Концерттеги кызыктар, чыгармачыл досторунун каалоо-тилектери камтылган чыгарылышты SUPER.KG порталынын YOUTUBE каналынан көрө аласыздар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан