Эртең, 8-апрелде өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында жаан-чачын күтүлөт. Бул тууралуу синоптиктер билдиришти.
Ал эми Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт.
Абанын температурасы:
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +8... +13, күндүз +14... +19;
- Талас жергесинде түнкүсүн +3... +8, күндүз +13... +18;
- Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +8... +13, күндүз +15... +20;
- Нарын аймагында түнкүсүн 0... +5, күндүз +15 .. +20;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +4... +9, күндүз +16... +21;
- Бишкек шаарында түнкүсүн +11... +13 күндүз +16... +18 градус жылуу болот.