Бишкектин Ала-Тоо аянтында шаар күнүндө, тагыраагы, 29-апрелде "Вальс кечеси" өтөт. Бул тууралуу борбор шаардын мэриясы кабарлады.
Маалымдалгандай, иш-чарага бий сүйүүчүлөрү, классикалык музыканы баалагандар жана жаздын кооз кечин назиктик менен шыктануунун атмосферасында өткөрүүнү каалагандар катыша алышат.
Шаар бийлиги каалоочуларды 0312 510 178 жана 0997 11 08 95 номурларына байланышууга чакырат.