Бүгүн, 7-апрелде "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде 2010-жылдагы апрель окуяларында курман болгондорду эскерүү иш-чарасы өттү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, иш-чарага мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элкинбек Аширбаев жана башкалар катышкан.
Катышуучулар Апрель революциясынын баатырларынын мемориалына гүлчамбар коюшуп, курман болгондордун элесине таазим кылышкан. Ошондой эле эскерүүдө куран окулган.
Айта кетсек, быйыл апрель төңкөрүшүнө 16 жыл толду.