Бишкек шаардык милициясы уурулукка шектелген жаран кармалганын билдирди.
Маалыматка ылайык, ал 27-март күнү "Гурман" кафесине кирип, тамактанып отурган жарандын күрмөсүнүн чөнтөгүнөн 450 миң сомун жашыруун уурдап кеткен.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү мурда бир нече жолу соттолгон жана чөнтөк ууру катары каттоодо турган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда.