Индонезиянын Айлана-чөйрөнү коргоо министрлиги өткөн жылы суу ташкынынан жапа чеккен Суматра провинциясындагы 67 компанияга санкция жарыялады. Бул тууралуу эл аралык басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, аймактагы 175 ишкана текшерүүгө алынган.
Анда тоо-кен, пальма майы жана токой өнөр жайы тармактарында иштеген компаниялар 1,8 миллион гектарга жакын жерди тазалап, суунун жайылышына шарт түзүшкөнү айтылат.
Бийликтин иликтөөсүндө аныкталгандай, аймактарды пландаштырууда экологиялык тобокелдиктер эске алынбай калган. Учурда өкмөт жаңы өнүктүрүү системин ишке ашырууда. Муну менен экологиялык талаптар райондук деңгээлде да милдеттүү болуп калат.
Эске салсак, 2025-жылдын ноябрь айында Индонезиянын Ачех, Түндүк жана Батыш Суматра провинцияларында болгон суу ташкындары 1200 адамдын өмүрүн алып, 300 миңден ашуун үйгө зыян келтирген.