Биз социалдык тармакта

Бишкекте каратэ-до боюнча өлкө чемпиондугу башталды

Бүгүн, 7-апрелде Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт сарайында каратэ-до боюнча Кыргызстандын чемпиондугу башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет.
Ачылыш аземге спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынын директорунун орун басары Каныбек Думанаев, Каратэ-до Шотокан WSF Улуттук федерациясынын өкүлдөрү жана спортчулар катышты.
Анын алкагында 2025-жылы каратэ спортунда мыкты жетишкендиктерди көрсөткөн спортчуларга жана машыктыруучуларга Ардак грамоталар ыйгарылды.
Мелдешке жалпы 165 спортчу катышат. Анда эркектер 60, 67, 75, 84 килограммга чейинки жана 85 килограммдан өйдө салмак чен бирдигинде күч сынашса, кыз-келиндер 50, 55, 61, 68 килограммга чейин жана 65 килограммдан өйдө салмак чен бирдигинде күч сынашууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан