Биз социалдык тармакта

Чүйдүн Аламүдүн райондук сотунун судьясы кармалды

Чүйдүн Аламүдүн райондук сотунун судьясы коррупциялык схемага шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, ал кызматтык абалын пайдалануу менен эркинен ажыратуу менен байланышпаган сот чечимин чыгарууга көмөк көрсөтүүнү убада кылып, жарандан 26 миң доллар алган. Бирок кийинчерээк аталган маселени акча берген адамдын пайдасына чечип бере алган эмес.

Ошентип шектүү мурда алган акчасынын бир бөлүгүн, тагыраагы, 85 миң сомду кайтарып берип жаткан учурда колго түшкөн. Судьялар кеңеши аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук бергендиктен шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан