Ош шаарындагы №41 Хабиб Абдуллаев атындагы орто мектептин имаратына инженердик-техникалык текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу курулуш министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, текшерүү Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу адистер тарабынан өткөрүлүп, объекттин учурдагы абалын баалоо жана жер титирөөгө туруктуулугун аныктоо максатын көздөдү.
Анын алкагында мектептин долбоордук документтери изилденип, конструкциялык бөлүктөрүнүн ишенимдүүлүгүн аныктоо үчүн тиешелүү өлчөөлөр жүргүзүлдү.
Жыйынтыгында имараттын техникалык абалы боюнча корутунду даярдалып, аны мындан ары коопсуз пайдалануу боюнча сунуштар иштелип чыгат.