Биз социалдык тармакта

Уулангандардын бири өлгөн... Балыкчыда баңгизат менен алектенген топтун адамдары кармалышты

Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарында синтетикалык баңгизаттар менен алектенүүгө шектелген топтун адамдары кармалышты. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Министрлик март айында "спайс" колдонгондон 4 жаран ууланган факты катталганын, алардын бирөө каза тапканын белгиледи. Андыктан аталган фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон.

Натыйжада 20 жаштагы жигит 5 грамм "спайс" менен кармалып, анын жогорудагы фактыларга тиешеси бар экени аныкталган. Ошондой эле Бишкек шаарынан 22 жаштагы 2 жигит 30 грамм синтетикалык баңгизатты сатууга аракет кылып жаткан учурда колго түшүшкөн.

Тергөөдө баңгизат менен алектенген топтун лидери 24 жаштагы жигит экени такталып, анын үйү тинтүүгө алынып, синтетикалык баңгизаттарды даярдоочу кичи лаборатория табылган. Учурда шектүүлөр камакка алынышып, тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан