Биз социалдык тармакта

"Бакай Банк" Брюссель сотунда жеңишке жетти

"Бакай Банк" Брюссель сотунда жеңишке жетти. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Берилген маалыматка ылайык, “Бакай Банк” банкы “Ачык диалог фонду” (Open Dialogue Foundation, ODF) поляк-бельгиялык өкмөттүк эмес уюмуна каршы козголгон сот ишин утуп алды.

Буга чейин 2023-жылы ODF өз сайтында макалаларды жарыялап, анда “Бакай Банкты” Орусиянын пайдасына санкция чараларын айланып өтүү схемаларына катышкан деп шек санап, ага карата санкция киргизүүнү сунуштаган. Буга байланыштуу “Бакай Банк” жалган айыптоолору үчүн ODF уюмун сотко берип, сот банктын пайдасына чечим чыгарды.
Брюсселдин ишкердик соту уюмду жетиштүү далилдерди келтирбестен айыптоолорду койгон деген тыянакка келген. Натыйжада сот уюмду талаштуу макалаларды өчүрүүгө, соттун чечиминин сайттын башкы бетине жайгаштырууга жана сот чыгымдарын төлөп берүүгө милдеттендирген.
Ошол эле учурда “Керемет Банк” жана “Капитал Банкы” Орусияга каршы киргизилген чектөөлөрдү кыйгап өтүүгө шектелип, АКШ жана Улуу Британия тарабынан санкцияларга кабылган. Бул санкциялар айыптоо мүнөзүнө гана ээ, мыйзам бузуулар боюнча эч кандай далилдери жок.

Президент Садыр Жапаров бул айыптоолорду бир нече жолу четке кагып, банктардын ишин толук жана калыс текшерүү үчүн Кыргызстан эл аралык көз карандысыз аудит өткөрүүгө даяр экенин билдирген.
Алагөзовдун айтымында, “Бакай Банк” боюнча сот чечими Кыргызстандын эл аралык укук нормаларын сактагандыгынын жана ата мекендик бизнестин кызыкчылыктарын чет элдик соттордо коргоого даяр экенинин айкын далили экенин көрсөтөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан