Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Москва райондук башкармалыгына жаңы жетекчи дайындалды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган кызматка Аман Тургуналиев бекитилген. Тиешелүү буйрукка министр Нурдан Орунтаев кол койгон.
Жаңы жетекчини эмгек жамаатына департамент директорунун орун басары Дастан Ураанов тааныштырып, ага алдыдагы ишинде ийгиликтерди каалады.
Белгилесек, жаңы жетекчиден район аймагында шаар куруу жана архитектура тармагын өнүктүрүү боюнча натыйжалуу иштер күтүлүүдө.