Биз социалдык тармакта

Бишкекте аттракциондордун коопсуздугу жана баа саясаты талкууланды

Бишкек шаарынын мэриясында аттракциондордун коопсуздугу жана ишин жөнгө салуу маселелерине арналган жыйын өттү.
Мэриядан билдиришкендей, жыйынга райондук администрациялардын өкүлдөрү, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин шаардык башкармалыгы, Бишкек ШИИББи, Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору жана Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы катышты.
Жолугушууда төмөнкү негизги маселелер каралды:
• аттракциондордун коопсуздук талаптарынын сакталышы
• жабдуулардын техникалык абалы
• кызмат көрсөтүүлөрдүн баа саясаты
• көңүл ачуучу жайларга көзөмөлдү күчөтүү
Өзгөчө көңүл жайкы сезонго даярдыкка бурулуп, балдардын коопсуздугун камсыз кылуу жана эс алуу аймактарынын абалын жакшыртуу маселеси көтөрүлдү.
Маалыматка ылайык, учурда Бишкекте 6 парк иштеп жатат, дагы 2 парк реконструкциядан өтүүдө. Ошондой эле соода-оюн-зоок борборлорунда 10 балдар аянтчасы бар.
Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү кызматтарга бир катар тапшырмалар берилди:
• аттракцион ээлерине бааларды негизсиз көтөрбөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү
• башаламан сооданы токтотуу
• коомдук тамактануучу жайларды текшерүү
Бишкек ШИИББине “паровозиктерди” пайдаланууну тартипке келтирүү жана батуттарды мыйзамсыз иштетүүгө жол бербөө тапшырылды.
Ошондой эле майыптыгы бар балдар үчүн аянтчалардын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу, анын ичинде жеңилдетилген шарттарды же атайын баруу күндөрүн киргизүү маселеси көтөрүлдү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан