Бүгүн Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев шаардык мэрияга караштуу муниципалдык ипотекалык компаниянын курулуп жаткан көп кабаттуу турак жайлардын курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышып чыкты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мэр курулуш сапатына өзгөчө көңүл буруп, шаар тургундарын жеткиликтүү жана сапаттуу турак жай менен камсыз кылуу багытындагы иштерди күчөтүүнү талап кылды.
“Муниципалдык ипотека – шаар тургундарын сапаттуу турак жай менен камсыз кылуунун маанилүү механизми. Курулуш иштеринде сапат биринчи орунда болушу керек. Ошондой эле компаниянын туруктуу иш алып баруусун камсыз кылуу жана каржылык абалын бекемдөө маанилүү”, - деп билдирген мэр.
Бул иш-чара аркылуу шаар бийлиги муниципалдык ипотекалык компаниянын туруктуу ишин камсыз кылуу жана банкроттук абалга жол бербөө маселелерине өзгөчө көңүл бурду.