Биз социалдык тармакта

Адилет Орозбеков Өзбекстандын элчиси менен жолугушту

Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков бүгүн, 7-апрелде Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Саидикрам Ниязходжаев менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар Жакынкы Чыгыштагы акыркы окуяларды жана алардын Борбордук Азия аймагына тийгизген таасирин талкуулашты. Ошондой эле улуттук жана аймактык коопсуздукту камсыз кылуу багытындагы эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери каралды.

Тараптар белгилешкендей, дүйнөнүн ар кайсы аймактарында чыр-чатактар күчөп, алардын географиясы кеңейип жаткан шартта Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн өз ара кызматташууну жана координацияны күчөтүү өзгөчө мааниге ээ.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан