Бишкек шаарындагы эл аралык медициналык университетте чет өлкөлүк студенттердин ортосунда түшүнбөстүктөн улам жаңжал катталды. Бул тууралуу видео социалдык тармактарга тарады.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, окуя пакистандык жана индиялык студенттердин ортосунда чыгып, пикир келишпестик бара-бара курчуп кеткен. Жаңжал учурунда студенттер бири-бирине кол көтөрүүгө чейин барышканын видеодон көрүүгө болот.
Азырынча университеттин администрациясы окуя тууралуу маалымат бере элек.