ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын башчысы болуп Нурсултан Муратбеков дайындалды. Бул тууралуу 8-апрелде ЖКККББ билдирди.
Буга чейин бул кызматты Шеркул Турганбаев аркалап келген.
Ал эми Муратбеков буга чейин Бишкек ШИИББи боюнча Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын басма сөз кызматынын башчысы болчу.