Бишкек шаарындагы Исакеев көчөсүндө жайгашкан университеттердин биринде чет өлкөлүк жарандардын ортосунда чыр чыгып, видеосу интернет желесине тарады.
Октябрь райондук милициясы окуя 7-апрелде болгонун билдирип, тергөөгө чейинки текшерүү иштерин баштады.
Натыйжада 2001-жылы туулган М.А. жана 2003-жылы туулган А.А. аныкталып, Укук бузуулар кодексинин 126-беренесинин (Майда бейбаштык) негизинде кармалды. Учурда алар райондук башкармалыктын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө уланууда.