Биз социалдык тармакта

Туманбаев "Бишкек Аренага" эмне үчүн соода борбору курулуп жатканын айтты (видео)

Бүгүнкү күндө "Бишкек Арена" стадионунун курулуш иштери дээрлик 90 пайызга аяктап калды. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.

Анын айтымында, аталган имарат Борбордук Азиядагы эң ири стадиондордун бири болуп саналат. Мындай масштабдагы спорттук комплексти туруктуу негизде тейлөө олуттуу чыгымдарды талап кылат.
"Президенттин тапшырмасы менен стадиондун аймагында "Bishkek Arena Mall" заманбап соода борбору курулууда. Бул соода борбору стадиондун инфраструктурасын өнүктүрүүгө гана эмес, келечекте объекттин үзгүлтүксүз иштешин камсыздоого салым кошот. Соода борборунан түшкөн каражаттар "Бишкек Арена" стадионун кармоого, тейлөөгө жана анын инфраструктурасын жакшыртууга багытталат. Бул өз кезегинде мамлекеттик бюджетке кошумча жүк түшүрбөстөн, объекттин өз алдынча туруктуу иштөөсүнө шарт түзөт",- деген Туманбаев.
Ошондой эле соода борборунда жетиштүү сандагы кеңири жана ыңгайлуу унаа токтотуучу жай каралганын кошумчалады.
Каныбек Туманбаев
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан