Бишкек шаардык мэриясынын Муниципалдык инспекциясынын башчысы Мирлан Таалайбеков (Царикаев) бул жолу "Ош базарындагы" эрежеге ылайык эмес жумуш жасагандарды текшерүүгө алды.
Анда инспекция аталган базардагы мыйзамсыз телефон саткандарды, тамак-аш жасаган жайларды текшерген.
"Коомдук даараткананын жанында санитардык эрежелерди одоно бузуп, тамак-аш сатылып жатыптыр. Бул ден соолук үчүн кооптуу. Көп жолу эскертүү берилгенине карабастан мыйзамсыз телефон саткандар да бар",- деп билдирген аталган мекеме.