Ата-энелер мугалимдерди сыйлоону билбесе, анда аларды мамлекет мажбурлап сыйлоого үйрөтүшү керек. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Илим Кубанычбеков билдирди.
Анын айтымында, мугалимдердерге карата зомбулуктар көбөйүп, алардын кадыр-баркы төмөн түшүп жатат.
"Мугалимдерге ата-энелер тарабынан кол көтөрүү, орой мамиле кылуу, окуучулардын сыйлабастыгы, социалдык тармактардагы мазактоолор күч алды. Эгер коом мугалимдерди сыйлабаса, анда ал коомдун келечеги күмөн",- деди эл өкүлү.