Биз социалдык тармакта

Текебаев мектеп программасынан немис тилинин алынганын айтып кейиди (видео)

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында мектеп программасына немис тилин кошуп үйрөтүү керектигин айтып, Өзбекстанда ишке ашырылып жаткан багытты атады.

Анын айтымында, Германияга барып окуу бекер, кошумча акча да төлөп беришет, болгону тил билүү кажет.

"Баарыбыз көчүп барып окусак да бекер. Бир эле шарт - немис тилин тиешелүү деңгээлде билишибиз керек. Кээ бир жерде стипендия да берет. Ал үчүн мектепте тил өтүшүбүз керек да. Бул жерде министр отурат, Өзбекстанды мисал кылып айтып коёюн. Ал жакта бир мугалим же башка жаран "Мен немис тилин билем, балдарга тил үйрөтөм" десе, курсуңдү ачып ал деп мамлекет 120 миллион сум кошумча төлөмү жок каражат берет. Мектептен бекер аудиторияларды берет. Анан ошол курска келген балдардын ата-энелери 2 айын төлөсө, 6 айын мамлекет төлөп берет. Ошентип отуруп азыр жаштарын Орусиядан алып качып, Европа, Түштүк Кореяга жиберип отурат. Өзбекстанга былтыр эле 19 миллиард доллар акча сырттан келди",- деди Текебаев.

Элчи өткөн жылы немис тили Кыргызстанда окуу программасынан чыгартылып салганын айтып кейип, Германияга барам деген кыргыз жаштары көп экенин кошумчалады.

Текебаев мектеп программасынан немис тилин алып салганын айтып кейиди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан