Биз социалдык тармакта

Ноокенде алгачкы кулпунайлар бышты 

Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы жергиликтүү дыйкандын кулпунайы бышып, сатыкка чыкты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, аталган тургун өткөн жылы 1,40 гектар жерге 74 миң даана клери сортундагы кулпунай тиккен. Ал сууну үнөмдөө максатында тамчылатып сугаруу системин колдонгон.
"Ишкер кулпунай терүүгө айылдаштарын тартып, жергиликтүү тургундарды дагы жумуш менен камсыз кылууда. Учурда Ноокен аймагында жазгы талаа иштери кызуу жүрүүдө",- деп билдирди министрлик.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан