Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Мамыржан Рахимов бүгүн, 8-апрелде жол кырсыгынан жабыр тарткан жоокерден кабар алды.
Учурда жоокер Лейлек райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда, абалы оор. Облус башчысы жоокердин ата-энесине жолугуп, бардык тийиштүү медициналык жардамдар көрсөтүлүп жатканын айтты.
Белгилей кетсек, 4-апрелде Лейлек районундагы "Ак-Суу" чек ара заставасынын 2-чек ара бөлүмчөсүнүн 22 жаштагы жоокери УАЗ-Пикап үлгүсүндөгү кызматтык унаада келе жатып, бортунан кулап кеткен.
Учурда бул боюнча кызматтык териштирүү дайындалып, тийиштүү иштер жүргүзүлүүдө.