Өлкөдө жумуртка, пияз жана күрүчтүн баасы арзандаганы байкалды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги жүргүзгөн мониторингде белгилүү болду.
1-апрелге карата өлкөдө жана чет өлкөлөрдө (Орусия, Казакстан) азык-түлүккө болгон баалар боюнча салыштырма мониторинг жүргүзүлгөн.
Анын жыйынтыктары боюнча:
- сабиз – 1,4 пайызга;
- кумшекер – 0,5 пайызга;
- кой эти (сулп этинен башкасы) – 0,4 пайызга;
- макарон азыктары (спагетти) – 0,4 пайызга;
- каймак май (туздалбаган, 72 пайыздан аз эмес кошулмаларсыз жана өсүмдүк майларысыз) – 0,1 пайызга;
- тазаланган өсүмдүк күн карама майы – 0,1 пайызга;
- пастерленген 2,5-3,2 пайыз майлуулуктагы сүт – 0,1 пайызга жогорулаган.
Ал эми төмөнкү азыктарда баанын арзандаганы байкалды:
- жумуртка – 3,3 пайыз;
- пияз – 2,3 пайыз;
- күрүч – 0,4 пайыз;
- уй эти (сулп этинен башкасы) – 0,2 пайыз.